
Жарыяланган
2026-20-02, 15:25Бишкекте 2026-жылга карата бюджет долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы министрлигинин «Бишкек финансы башкармалыгынын» башчысы Руслан Садырбаев 2026-жылга карата борбор калаанын бюджет долбоорун тааныштырып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын бюджетинин иш жүзүндөгү кирешеси 30,5 млрд сомду түзгөнүн билдирди.
“2025-жылы Бишкек шаарынын бюджеттик чыгымдары 30,7 млрд сомду түзүп, анын негизги бөлүгү шаардын өнүгүүсүнө багытталган. Ошондой эле шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү колдоо максатында Турукташтыруу фондунан кошумча 2,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү жолдорду куруу жана оңдоо иштерине, шаарды көрктөндүрүүгө, билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыздоого жана башка маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган”, - деди ал.
2026-жылга карата долбоор боюнча Руслан Садырбаев жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сом өлчөмүндө болжолдонуп жатканын маалымдады.
“Бюджеттик каражаттар жол-транспорт инфраструктурасын жана инженердик тармактарды жакшыртууга жана курууга, социалдык объектилерди капиталдык оңдоого жана жаңы объектилерди салууга, райондорду көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, ошондой эле башка социалдык мааниге ээ долбоорлорго багытталат”, - деди Садырбаев.



