Akchabarsearch
Бишкектеги коомдук транспорт айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды

Жарыяланган

2026-20-01, 12:29

Бишкектеги коомдук транспорт айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды

Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Бишкек шаарында жүргүнчүлөр агымы көп болгон аялдамаларда ар жуманын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланды. 

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кошумча инструктаждар өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө жол-транспорт кырсыктарынын негизги себептери каралып, коомдук транспорт айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөөнү мындан ары күчөтүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды.
 


Тектеш материалды окуу