Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Жолдо мушташкан айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Жарыяланган

2026-19-03, 17:15

Мыйзам долбоору: Жолдо мушташкан айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев унаа жүргөн жолдо мушташкандарга айып салууну жана айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну сунуштоодо. Депутат даярдаган мыйзам долбоору элдин сынына чыгарылды. 

Депутат акыркы жылдары өлкөдө, айрыкча шаарларда айдоочулар жаңжалдашкан же мушташкан учурлар көбөйгөнүн белгилейт. Мунун айынан жолдо жүргөн башка айдоочуларга кооптуу абал жаралат. Эл өкүлү андай айдоочуларды теске салуу үчүн өзүнчө жаза киргизүүнү сунуштоодо. 

Мыйзам долбооруна ылайык, унаа жүргөн жолдо мушташ же башка жаңжал чыгаргандарга 10 миң сом айып салынат. Эгер айдоочу айыпка жыгылгандан кийин бир жыл ичинде жанагы жоругун кайра кайталаса, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.


Тектеш материалды окуу