Akchabarsearch
Айып пулун төлөбөгөндөр айдоочулук күбөлүк ала албайт жана унаасын кайра каттата албайт

Жарыяланган

2026-10-06, 12:08

Айып пулун төлөбөгөндөр айдоочулук күбөлүк ала албайт жана унаасын кайра каттата албайт

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдарын төлөбөгөн жарандар айдоочулук күбөлүк ала албайт жана автоунаасын кайра каттата албайт.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзамга ылайык, жол кыймылы боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар жарандарга айдоочулук күбөлүк берилбейт. Бул чектөө карыз толук төлөнгөндөн кийин гана алынат.

Мындан тышкары, айып пул боюнча карызы бар жарандар автоунааларын каттай же кайра каттата алышпайт. Эгер мамлекеттик маалыматтык системада төлөнбөгөн айып пулдар тууралуу маалымат болсо, каттоо иштери жүргүзүлбөйт.

Жаңы талаптар көзөмөл камералары аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча салынган айып пулдарга да тиешелүү.

 


Тектеш материалды окуу