
Жарыяланган
2026-03-11, 18:03Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары күнүнө 15–16 саатка чейин иштешет. Буга айдоочулардын жетишсиздиги жана жол тыгындары себеп болууда. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда автобус айдоочулары эки күн иштеп, эки күн эс алышат. Бирок жумуш убактысын сегиз саатка кыскартууга айдоочулардын жетишсиздиги тоскоол болууда.
Мындан тышкары, өзгөчө эртең менен жана кечинде жол тыгындары автобустардын кыймылын жайлатууда.
Бакыт Табалдиевдин айтымында, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди уюштуруу жана жолдорду оңдоо иштери толук аяктаса, автобустар тыгынсыз жүрө баштайт.



