Akchabarsearch
Мас абалында унаа айдагандар 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Жарыяланган

2026-10-06, 18:04

Мас абалында унаа айдагандар 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлдү. Спирт ичимдигин ичип алып унаа айдагандар эми 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 80 миң сомдон 150 миң сомго чейин айып пул төлөшөт. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын юристконсульту, милициянын капитаны Айтикул уулу Байказы “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Президент Садыр Жапаров «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Буга чейин, тактап айтканда 2023-жылга чейин мас абалында унаа башкаргандарга 17.5 миң сом айып пул салынып, 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу чарасы колдонулуп келген. 

Бирок бул чаралар күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, кийинчерээк айдоочулук укуктан 1 жылга ажыратуу нормасы киргизилген. Ага дагы карабастан мас абалында унаа айдоо фактылары азайбагандыктан, жоопкерчилик дагы күчөтүлдү.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочулар 2 жылга айдоочулук укугунан ажыратылып, кошумча 80 миң сом айып пул төлөйт.

Эгер айдоочу мас экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүүдөн баш тартса, ал 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылып, 100 миң сом айып пул төлөйт.

Ошондой эле мас айдоочуга унаасын билип туруп бергендер да жоопкерчиликке тартылат. Бул үчүн жеке жактарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат.

Мындан тышкары, мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына себеп болуп, материалдык чыгым келтирсе, ага 100 миң сом айып пул салынып, 3 жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратуу чарасы колдонулат.

Ал эми мас абалында кайрадан экинчи жолу кармалган айдоочуларга 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин айып пул салынып, бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
 


Тектеш материалды окуу