Akchabarsearch
Бишкектеги аза кызматын көрсөтүү агенттигинин иши текшерилүүдө

Жарыяланган

2026-26-02, 12:58

Бишкектеги аза кызматын көрсөтүү агенттигинин иши текшерилүүдө

Жумушчу комиссия Бишкек шаарынын аза кызматын көрсөтүү агенттигинин ишин текшерүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынна билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Аза кызматын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын ишин текшерүү үчүн жумушчу комиссия түзүлгөн.

Комиссия Түштүк-Батыш, Орто-Сай жана Көк-Жардагы көрүстөндөрдү текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аймакты кармоо, көмүлгөн жайларды эсепке алуу жана чарбалык иштерди уюштурууда кемчиликтер аныкталды. 

Муниципалдык ишканага инвентаризация жүргүзүү жана тартипти жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди. 

Текшерүү иштери улантылат.


Тектеш материалды окуу