
Жарыяланган
2026-31-03, 17:05Эртең, 1-апрелден баштап Бишкектеги Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
Долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды орнотуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.
Бул иш-чаралар жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



