Akchabarsearch
Бишкектин Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү убактылуу жабылат

Жарыяланган

2026-23-03, 11:54

Бишкектин Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү убактылуу жабылат

Эртең, 24-мартта Бишкек шаарында автотранспорттун кыймылы үчүн Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү — Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилке жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул аймакта диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. 

Иштер «Жибек Жолу проспектиси боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында аткарылат.

«Бишкексууканал» ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.


Тектеш материалды окуу