Akchabarsearch
Быйыл Бишкекте 2 млн гүл отургузулат

Жарыяланган

2026-04-03, 17:16

Быйыл Бишкекте 2 млн гүл отургузулат

Быйыл Бишкектеги көрктөндүрүү иштеринин көлөмү бир топ көбөйөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы быйыл борбор калаа үчүн кеңири масштабдуу гүл программасын пландаштырган. 

Шаар болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот, алар гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат.

10-апрелге чейин болжол менен 230 миң жоогазын гүлдөйт деп күтүлүүдө. 

Гүл отургузуу жана жашылдандыруу иштери этап-этабы менен, эрежелерге ылайык жүргүзүлүп, гүлзарлардын сезон бою кооз бойдон калышын камсыздайт.


Тектеш материалды окуу