
Жарыяланган
2026-23-03, 14:00Бишкек шаарынын Фучик көчөсү 20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн сырткы көрүнүшү авариялык абалда экени тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов баштаган адистер тарабынан ыкчам инженердик текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча имарат көп жылдар бою туура эмес эксплуатациялоонун негизинде имараттын инженердик тармактарында капиталдык оңдоо иштери өз учурунда жүргүзүлгөн эмес.
Мындан улам беш кабаттуу турак үйдүн дубалдары жабыркаган, ошондой эле темир бетон шыптары коррозияга учураган.
Натыйжада, имараттын учурдагы техникалык абалы кооптуу деп бааланат. Ошондой эле инженердик изилдөө иштери толук аяктагандан кийин, институт тарабынан техникалык корутунду берилет.
Мындан тышкары, институт тарабынан турак үйдүн жашоочулары менен Бишкек шаарынын мэриясына имараттын техникалык абалы тууралуу расмий маалымкат жөнөтүлдү.



