Akchabarsearch
Улуттук банк бир катар банктардын жетекчи кызматтарына талапкерлерди жактырды

Жарыяланган

2026-09-03, 09:32

Улуттук банк бир катар банктардын жетекчи кызматтарына талапкерлерди жактырды

Улуттук банк бир катар банктардын жетекчи кызматтарына талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу аталган министрликтен басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Керемет Банк” ачык акционердик коому тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Жеңишбек Муратбековдун талапкерлиги жактырылды.

Ошондой эле “Толубай Банк” жабык акционердик коомунун ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Гулзат Исманованын талапкерлигине макулдук берилди.

Мындан тышкары, “Компаньон Банкы” жабык акционердик коому тарабынан тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Евгения  Гашикулинанын талапкерлиги да колдоого алынды.

Бул чечимдер Улуттук банк тарабынан 6-мартта кабыл алынган.


Тектеш материалды окуу