Akchabarsearch
Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору пара алууга шектелип кармалды

Жарыяланган

2025-18-09, 14:09

Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору пара алууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусундагы бир нече мектеп директорлору тарабынын мыйзамсыз акча чогултуу, пара алуу жана мыйзамсыз аттестат берүү фактылары аныкталып, иштен алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, Токтогул районунун №4 Н.Бримкулов атындагы орто мектебинин директору Ш.Б.Ж., Сузак районунун №2 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Ю.Г.Р. жана №65 А.Юнусов атындагы орто мектебинин директору А.Н.З. «мектептин муктаждыгы үчүн» деген шылтоо менен мугалимдерден мажбурлап акча талап кылган, системалуу түрдө ишке орноштуруу үчүн пара алып, Россияда жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүүнү уюштурушкан.

Мындан тышкары, Сузак районундагы №94 орто мектептин директору Н.Г.Р. жана №4 орто мектептин директору Ш.Г.Т. да ушундай мыйзамсыз аракеттери үчүн кызматтан бошотулган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, №2 мектептин директору Ю.Г.Р. атайын кызмат өкүлүнө 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

 


Тектеш материалды окуу