
Жарыяланган
2026-17-03, 13:26Улуттук банк керектөөчү насыяларды берүү эрежелерин катаалдаштырууну көздөп жатат. Мекеме иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Бул документтин максаты жарандар насыяны көп алып алып, аны төлөгөнү келгенде, чама-чаркы жетпей кыйналган учурларды алдын алуу болуп саналат.
Сунушка ылайык, эми насыя берген мекемелер (банк, микрокредиттик уюмдар жана кредиттик мекемелер) насыя берерден мурда жаран карыздарын кайтара алар-албасын азыркыдан да тыкыр текшерип чыгышы керек болот.
Мисалы азыр банктар кредит берип жатканда, алардын насыясын кайтарганга жаран кирешесинин канча пайызын корото турганын эсепке алат. Эми болсо, жарандын башка жерден алган насыялары да эсепке алына башайт:
- Жарандын бир айда 100 миң сомго чейин киреше тапса, анын бардык насыясына корото турган акчасы кирешесинин 50%ынан ашпагандай болушу керек.
- Эгер 100-200 миң сомдун тегерегинде киреше тапса, бардык насыяга кеткен чыгашасы 60%дан ашпашы керек.
- 200 миң сомдон ашык киреше тапса, насыя төлөөгө кеткен чыгымы анын 70%ынан ашпашы керек.
Андан тышкары жарандын тапкан кирешесинин 60%дан ашыгы насыя төлөөгө кете турган болсо, банк ага карызды кайтарып жатканда кыйналып калышы мүмкүн экенин кат түрүндө эскертиши керек болот. Жаран ал жагдайды билип-түшүнүп турганын ырастаса гана банк ага насыя бере алат.
Ошондой эле банктар насыя берип жатканда иши ачык-айкын болушу шарт: насыянын, үстөк пайыздын өлчөмү канча экени, комиссиялары жана башка кандай төлөмдөр бар экени так көрсөтүлүшү керек.



