Жарыяланган
2025-15-05, 12:33Быйыл жыл башынан Кепилдик фонду 756.8 млн сомго 573 кепилдик берип, ишкерлер 2.4 млрд сомдон ашык насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Фонд түзүлгөндөн бери 12.1 млрд сомго 11 мин 726 кепилдик берип, ишкерлер дээрлик 37.5 млрд сом каражат ала алган.
Кепилдик берүүдө фонд үчүн айыл чарба, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм тармактары артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.