Жарыяланган
2025-01-08, 11:34Кепилдик фонду иштеп баштаган мезгилден бери өлкөдөгү ишкерлер 13.1 млрд сомдон ашык суммада колдоо алышкан. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Аталган мезгилде фонд ишкерлерге 12 миң кепилдик берип, анын аркасында алар 41.7 млрд сом насыя ала алышкан.
Жыл башынан тартып 31-июлга чейин Кепилдик фонду ишкерлерге 1.8 млрд сомго 847 кепилдик берип, 6.7 млрд сом насыя алуусуна шарт түзгөн.