Akchabarsearch
    Кыргызстандын ААК “Кепилдик фонду” жана Тажикстандын “Замонат” уюму кызматташуу боюнча макулдашты

    Жарыяланган

    2025-16-07, 12:42

    Кыргызстандын ААК “Кепилдик фонду” жана Тажикстандын “Замонат” уюму кызматташуу боюнча макулдашты

    Ачык акционердик коом “Кепилдик фонду” менен жарандык уюм “Замонат” кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.

    Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар расмий жолугушуулар жана иш-чаралар өттү. Алардын бири-Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган экономикалык форум болду.

    Форумдун жүрүшүндө өткөн панелдик сессиялардын биринде ААК “Кепилдик фондунун” башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров сөз сүйлөп, катышуучуларга фонддун ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу маалымат берди.

    Иш-чаранын маанилүү бөлүгүнүн бири ААК “Кепилдик фонду” менен “Замонат” уюмунун ортосунда узак мөөнөттүү негизде ишкердик мамилелерди бекемдөөгө жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык тууралуу меморандумга кол кою болду.


    Тектеш материалды окуу