Akchabarsearch
Улуттук банк онунчу интервенциясын өткөрүп, 196 млн доллар сатты

Жарыяланган

2026-12-08, 10:07

Улуттук банк онунчу интервенциясын өткөрүп, 196 млн доллар сатты

Улуттук банк 10-августта валюта рыногунда доллар сатуу боюнча кезектеги интервенциясын өткөрдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, операциянын көлөмү 196.2 млн долларды түздү.

Анын ичинен 41 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү шартында сатылса, дагы 155.2 млн доллар бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү эсептешүү шартында сатылган.

Август айындагы бул операция 2026-жылдын башынан берки Улуттук банктын доллар сатуу боюнча онунчу валюталык интервенциясы болду.

Жалпысынан жыл башынан бери Улуттук банк 10 интервенция өткөрүп, 1 млрд 668.8 млн доллар сатты.

Бул мезгилдеги эң ири операция 29-июнда жүргүзүлүп, анда Улуттук банк 222.55 млн доллар саткан.

Ошол эле учурда АКШ долларынын расмий курсу өзгөргөн жок. 11-августка карата 1 доллар 87.45 сом өлчөмүндө белгиленди.
 


Тектеш материалды окуу