Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 5.1 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2026-12-08, 09:17

Улуттук банктын алтынынын унциясы 5.1 миң сомго кымбаттады

Бүгүн, 12-августка карата Улуттук банктын алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 385 миң 462.50 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк элден алтындын унциясын (31.1035 грамм) 380 миң 311.50 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 5 миң 151 сомго кымбаттады.

Бүгүн алтындын унциясы элге 391 миң 244 сомдон сатылууда.
 


Тектеш материалды окуу