
Жарыяланган
2026-01-06, 09:07Бүгүн, 1-июнга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 399 миң 681 сом деп белгиленди.
Өткөн жума күнү, 29-майга карата Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 388 миң 619 сомдон сатып алып жаткан. Андан бери ал 11 миң 62 сомго кымбаттады.
Бүгүн Улуттук банк бир унцияны 405 миң 677 сомдон сатууда.


