Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 11.5 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-08-06, 09:18

Улуттук банктын алтынынын унциясы 11.5 миң сомго арзандады

Бүгүн, 8-июнга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 383 миң 870.5 сом деп белгиленди.

Өткөн жума күнү, 5-июнда Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 395 миң 396.5 сомдон сатып алып жаткан. Андан бери ал 11 миң 526 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 399 миң 71.5 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу