Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 4.3 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-17-03, 12:15

Улуттук банктын алтынынын унциясы 4.3 миң сомго арзандады

Бүгүн, 17-мартка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 438 миң 938 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 443 миң 287 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 4 миң 349 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 452 миң 832 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу