Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 7.5 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-16-03, 11:24

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 7.5 миң сомго арзандады

Бүгүн, 16-мартка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 443 миң 287 сом деп белгиленди.

Өткөн жума күнү, 13-мартта Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) 450 миң 765.50 сомдон сатып алып жаткан. Андан бери анын баасы 7 миң 478 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 449 миң 936.50 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу