Жарыяланган
2025-30-07, 15:44Министирлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборуна 10 млн 141.1 миң сом бөлдү. Тиешелүү кагазга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим бейтаптарга ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүү жана медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылат.
Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу тапшырылды.