Жарыяланган
2025-30-07, 14:17Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу транспорт министрлиги кабарлады.
Унаанын көптүгүнөн асфальт төшөө иштери жолдун бир тарабында жүргүзүлүп жатат.
Белгилүү болгондой, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33.4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт басылат. Анын ичинен Алматы - Бишкек - Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы жасалат. Жол 6 тилкелүү болуп кеңейтилип, эки кабаттуу 4 жол түйүнү салынат.
Курулуш иштерине жалпы 150дөн ашык атайын техника тартылган.