Жарыяланган
2025-31-07, 16:41Таласта 28-июлда катуу жааган мөндүрдүн айынан 769.5 гектар айдоо жерине зыян келтирилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мөндүрдүн айынан Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүндөгү Кайнар жана Арчагүл айылдарындагы айыл чарба жерлери жабыркаган.
Жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматы боюнча, мөндүр 455.4 гектар жердеги төө буурчакты жок кылып, анын ээлери 54 млн 648 миң сом чыгашага учураган. Ошондой эле буудай айдалган 2,5 гектар жер жабыркап, 71 миң 500 сом зыян келген. 314,1 гектар айдоо жерине азыраак жабыркаган.
Жалпысынан 112 дыйкан жабыр тарткан. Алардын ичинде жөлөк пул алган 5 киши, аз камсыз болгон 4 үй-бүлө, социалдык контракт түзгөн 2 жаран (жөлөкпулдан баш тартып, иш баштоо үчүн мамлекеттен 100 миң сомдон акча алган жарандар), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 киши бар.
Жарандык коргонуу комиссиясы Айтматов районунун акимчилиги менен Шекер айыл өкмөтүнө мөндүрдүн айынан зыянга учурагандарга жардам берүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү сунушун берген. Ошондой эле жеңил зыян келтирилди деген 314.1 гектар айдоо жерин 10 күндөн кийин кайра карап чыгууну сунуштаган.