Жарыяланган
2025-01-08, 16:05Сүт өндүргөн ишканалар сүткө пальма майын кошкону тууралуу маалыматтар тастыкталган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигиндеги маалымат жыйында министр Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаевдин айтымында, буга чейин ага сүт өндүрүүчүлөр сүткө пальма майын кошуп жатканы тууралуу маалымат түшүп, ал аны УКМКга берген. Бирок териштирүү учурунда ал маалымат тастыкталган эмес. Бул жөн гана атаандаштардын сөзү деген жыйынтыкка келишкен.