Жарыяланган
2025-01-08, 10:01Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести колдоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө учурдагы колдоо чаралары, алардын натыйжалуулугу жана көйгөйлүү жагдайлар талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп, жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжалуулугу жарандардын жашоо шартын жакшыртуу аркылуу гана бааланарын айтты. Ал ишкерлер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде жаралган маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө ишкерлер туш болгон кыйынчылыктар, анын ичинде гранттар менен жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн бизнес-пландарды түзүүдөгү татаалдыктар айтылды. Адылбек Касымалиев ар түрдүү ишмердиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишкерлерге туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Касымалиев аймактарда чакан жана орто бизнести колдоонун натыйжалуулугу жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу, акыркы 9 айдын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, анын жыйынтыгында кадрдык чечимдер кабыл алынарын билдирди.
Ал аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо ишин жандандырууну, мамлекеттик программаларга бардык ишкерлердин, алардын жашаган жерине карабастан, жеткиликтүүлүгүн камсыздоону жана бизнестерди колдоого бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.