Жарыяланган
2025-24-06, 18:00Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жайкы Давос – 2025" дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин калыптандырууда жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун көрсөтүп турарын белгилеген.
"Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайт. Биздин мамлекеттерибиз бекем достуктун, чын ыкластуу жакшы коңшулаштыктын жана жемиштүү кызматташтыктын мамилелерин курушту. Биздин эки тараптуу кызматташуубуз кеңири чөйрөнү камтыйт. Негизги биргелешкен долбоор болуп ишке ашырыла баштаган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат", - деди ал.
Өз кезегинде Ли Цян Кытай Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө умтуларын белгиледи. Кыргызстанды жакын кошуна, ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.