Akchabarsearch
    Касымалиев Ташкент облусундагы Riverside электр станциясынын иши менен таанышты

    Жарыяланган

    2025-10-06, 15:38

    Касымалиев Ташкент облусундагы Riverside электр станциясынын иши менен таанышты

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында бир катар объектилерди көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Касымалиев Ташкент облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ирилердин бири деп саналган Riverside электр станциясына барды. Анын кубаттуулугу 200 МВт’ты түзөт. 

    Андан соң Адылбек Касымалиев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өткөрүлүп жаткан Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн көрүп чыкты.

    Болжол менен 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электр техника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышууда.

    Ошондой эле ал Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында болуп, анын иши менен таанышты.


    Тектеш материалды окуу