Akchabarsearch
    Лейлекте саатына 100 кг түтүк чыгарган ишкана иштеп жатат

    Жарыяланган

    2025-07-08, 09:31

    Лейлекте саатына 100 кг түтүк чыгарган ишкана иштеп жатат

    Баткендин Лейлек районунун Коргон айылында "Лейлек пласт" ишканасы желим түтүктөрдү чыгарууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Министр Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында ишканага барып, өндүрүштү көрүп чыккан. 

    Маалым болгондой, ишкананын аянты 500 чарчы метрди түзөт. Ал Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин жеке ишкердин каражатына желим түтүк чыгарган жабдыктар сатып алынып, ишкана жайгашкан имарат оңдолгон. 

    Жабдык саатына 100 кг түтүк чыгарат. Түтүктөрдүн диаметри 15тен 160 миллиметрге чейин жетет. 


    Тектеш материалды окуу