Жарыяланган
2025-31-07, 15:12Саламаттык сактоо министрлиги жаңыланган «Дары-дармек» мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тиркеме аркылуу жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин бааларын билүүгө жана алар кайсы дарыканада бар экенин текшерүүгө болот.
Маалыматка ылайык, көптөгөн дары-дармектердин баалары мамлекет тарабынан теске салынып, дарылар белгиленген баадан кымбат сатылбашы керек. Дарыканалар дарыны кымбат саткан учурлар болсо, жарандар аталган тиркеме аркылуу тиешелүү мекемеге кабар бере алышат.
Мындан тышкары, тиркемеден дары жеңилдетилген программага киреби же жокпу текшерсе болот.
Суроолор боюнча 113 номерине кайрылууга болот.