Akchabarsearch
Унаада бараткан жүргүнчү кур тагынбаса, айыппулду айдоочу төлөп калат

Жарыяланган

2025-30-09, 14:36

Унаада бараткан жүргүнчү кур тагынбаса, айыппулду айдоочу төлөп калат

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун камералары унаадагы коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү аныктап, айыппул жаза баштайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу “Акчабарга” билдиргендей, буга чейин айрым жерлердеги камералар гана коопсуздук курун тагынбагандарды тартып, сыноо иретинде иштеп келген. Эми 1-октябрдан тарта өлкөдөгү «Коопсуз өлкө» долбоорунун камераларынын баары аталган жол эреже бузууну каттай баштайт. 

Унаада бараткан айдоочу кур тагынып, бирок жанындагы жүргүнчү кур тагынбаса да, айыппул темир тулпардын ээсине жазылат. Ошондуктан аталган башкармалык айдоочу өзү гана кур тагынбастан, жүргүнчүлөргө да кур тагынууну эскертиши керектигин белгилейт.

Айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт. Бирок айыппулду 30 күндүн ичинде төлөсө, 70% жеңилдик берилет: айдоочу 1000 сомдун ордуна, 300 төлөйт.


Тектеш материалды окуу