Akchabarsearch
Баетовдо заманбап спорт комплекс салынууда

Жарыяланган

2026-18-06, 17:12

Баетовдо заманбап спорт комплекс салынууда

Нарындын Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорт комплекс курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Спорт имаратынын жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт. 

Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт зал, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган. 

Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Имарат республикалык бюджеттин эсебинен салынууда. 
 


Тектеш материалды окуу