Жарыяланган
2025-16-07, 14:22Бүгүн, 16-июлда Кытайдын алдыңкы учак өндүрүүчүсү COMAC (Кытайдын коммерциялык авиация корпорациясы) тарабынан чыгарылган заманбап тар корпустуу жүк ташуучу COMAC C919 учагы алгачкы ирээт “Манас” аэропортуна конду. Каттам YTO Airlines компаниясы тарабынан аткарылды.
Бул маанилүү кадам Кыргызстандагы авиациялык инфраструктуранын өнүгүшүнүн жаңы баскычын белгилеп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.
Жүк учагында чартердик туруктуу каттамдардын ачылышы жүк ташууларды кеңейтүүгө, логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана региондун экономикалык өсүшүн стимулдаштырууга мүмкүндүк берет.
Жакынкы күндөрү каттамдардын туруктуу ырааттамасы жарыяланат.