Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-10-09, 12:51

    Япониялык компания Кыргызстанда 100 млн долларга чакан ГЭСтерди жана күн электр станциясын курат

    Энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарынын алкагында MurooSystems Corporation компаниясынын президенти Pan Zhongxin менен жолукту.

    Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар энегетика тармагында кызматташуу, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, буга чейинки жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкуулашты.

    Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен MurooSystems Corporation компаниясынын ортосунда Чоң-Кемин дарыясында жалпы кубаттуулугу 24-25 МВт болгон эки чакан ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

    Мындан тышкары, Баткен облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу меморандумуна жетишилди.

    Япониялык компания Чакан ГЭС жана күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууга 100 млн долларга чейин инвестиция салууга убада бергени белгиленди.


    Тектеш материалды окуу