Akchabarsearch
    Өзбекстан Кыргызстанга 2.7 миң тонна кокон гилас экспорттоду

    Жарыяланган

    2025-19-08, 17:06

    Өзбекстан Кыргызстанга 2.7 миң тонна кокон гилас экспорттоду

    Быйыл жети айда Өзбекстан Кыргызстанга 2.7 миң тонна кокон гилас экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

    Өзбекстан быйылкы январь-июль айларында 17 өлкөгө кокон гилас саткан. Жалпысынан чет жакка 51 млн долларга 25.2 миң тонна экспорттолгон.

    Кыргызстан Өзбекстан кокон гиласты көп экспорттогон үч өлкөнүн бири болгон:

    • Россия - 18.2 миң тонна
    • Казакстан - 3.6 миң тонна
    • Кыргызстан - 2.7 миң тонна 
    • Беларусь - 232 тонна
    • Ирак - 127 тонна
    • БАЭ - 126 тонна
    • Латвия - 34 тонна
    • Башка өлкөлөр - 93 тонна

    Тектеш материалды окуу