
Жарыяланган
2025-30-12, 17:04«ТИ Кант» мамлекеттик ишканасынын убактылуу сактоо кампасында Өзбекстандан импорттолгон канаттуулардын этинен антибиотик табылып, жүк артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрилиги билдирди.
Бул эт партиясы Өзбекстандын «FAYZ PARRANDA» компаниясынан «ТТ.Топ.Трейд» компаниясына келген.
Лабораториялык изилдөөдө канаттуулардын этинде ветеринардык препараттардын биринин өлчөмү ченемден ашык экени аныкталган.
Мындан улам, ветеринардык-санитардык талаптардын бузулушу боюнча «ТИ Кант» ишканасы этти кайтарып жиберүү чечимин кабыл алган.

