Akchabarsearch
Министрлик ишкерлерди  тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштайт

Жарыяланган

2025-10-04, 10:56

Министрлик ишкерлерди тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдөгү ишкерлерге тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштайт.

Министрлик Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен өзүн-өзү тоок жумурткалары менен камсыздоого жетишип жатканын, экспортко чыкканын белгилейт. Ошол эле учурда ишкерлерди 2025-жылдан тарта эт багытындагы тоокторду көбөйтүүгө басым жасоого чакырат. Себеби ички жана тышкы рынокто тоок этине болгон суроо-талап өсүүдө. Аны менен бирге өлкөдөгү ишкерлер эт багытындагы тоокторду көбөйтсө, импортко болгон көз карандылыкты азайтат.

Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыз кылып жаткандыктан, кийин андан түшкөн киреше аз болуп калышы мүмкүн. 


Тектеш материалды окуу