
Жарыяланган
2026-11-05, 09:51Жаңы Ош базарынын курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин толук аяктоо пландалууда. Президент Садыр Жапаров 10-майда анын курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана бир жер алдындагы кабаттан турат.
Долбоор боюнча 10 миңден ашуун соода орду каралган. Соода аянттары багыттарына жараша бөлүштүрүлүп, сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ишкерлер үчүн кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жыл бою соода жүргүзүүгө бардык зарыл шарттар каралган.
Учурда шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базары жаңы комплекс толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Анын ордунда заманбап жашыл эс алуу зонасы түзүлөт.
Жаңы автобекет жана базар пайдаланууга берилгенден кийин, Бишкектеги коомдук транспорт каттамдары кайра каралып чыгат.


