akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-03-04, 11:45

    Ош базарынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга базардын ичинен орун берилет

    Ош базарынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга базардын ичинен орун берилет. Бул тууралуу Ленин райондук муниципалдык администрациясынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө толугу менен мыйзамсыз соода-сатык кылгандар базардын ичине көчүрүлөт.

    Учурда мыйзамсыз жерде мөмө-жемиш саткандар алынды. Анын алкагында базардын тегереги иретке келтирилет.


    Тектеш материалды окуу