Akchabarsearch
УКМКнын төрагасы өлкөгө келген кытайлык жарандар боюнча үн катты

Жарыяланган

2025-27-11, 14:30

УКМКнын төрагасы өлкөгө келген кытайлык жарандар боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы кезде "кытайлар басып кетти, кытайлар бардык жерди ээлеп алды" деген туура да, туура эмес да сындар айтылып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда, Кемин шаарында 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтты.

Ташиев Кыргызстанга келген кытайлык жарандардын саны көбөйгөнүн ырастады. Алар өлкөгө ири долбоорлор боюнча, анын ичинде Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолун курууга келген. Ал салынып калса, транзит үчүн Кыргызстанга жылына 500 млн доллардан тушүп турат. 

Анын айтымында, Кытайдын жарандары өлкөгө виза менен келүүдө. Жумуш визасы 2 айдан 1 жылга чейин, ал эми туристтик виза 14 күнгө чейин берилет. 

"Визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды тиешелүү мамлекеттик органдар текшерип, өлкөдөн чыгарат", - деди ал. 


Тектеш материалды окуу