
Жарыяланган
2025-14-11, 10:35Бишкекте «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган мыйзамдын аткарылышын камсыздоо боюнча буйрук чыгарылды. Анын негизинде Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын жана маданий-көңүл ачуу мекемелеринин (кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары жана башка объектилер) жетекчилери бардык салтанаттуу жана көңүл ачуу иш-чараларын токтотууга, ошондой эле бул жайлардын ишин саат 22:00дөн кечиктирбестен аяктатууну камсыздоого тийиш. Саат 22:00дөн кийин электр энергиясын керектеген бардык жабдуулар, өзгөчө көп энергия сарптаган шаймандар толугу менен өчүрүлүшү керек.
Ошондой эле белгиленген убакыттан кийин катуу музыка, жарык берүүчү жабдуулар же жарандардын тынчтыгын бузган башка аракеттер менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары, турак жайлардан алыс жайгашкан объектилерге жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын бардык талаптары толук сакталган шартта электр генераторлорун колдонууга уруксат берилет.
Райондук администрациялар жана муниципалдык инспекция бул маселени көзөмөлгө алып, үзгүлтүксүз рейддерди жүргүзүп турууга милдеттендирилди.



