
Жарыяланган
2025-24-10, 15:47Салык кызматы Чүй облусунун Жайыл районунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө контрафакттык алкоголдук продукцияларды жашыруун өндүргөн цехти аныктады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Цехтин ичинде спирт жыттанган суюктуктар, бош идиштер, дозаторлор, капкактар, этикеткалар жана көп сандагы акциздик маркалар табылган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү аймактык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

