Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-12-09, 16:59

Жалал-Абаддагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети кайрадан иштеп баштады

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети да кайрадан иштеп баштады. 

Өткөрүү пункту Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.

Аталган бекет Өзбекстан тараптан "Үч-Коргон" көзөмөл өткөрүү пункту деп аталат.

"Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү бекети күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ. Бул бекет бир суткада 11 миңден ашуун адамды жана 300 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү.

"Кең-Сай" 2009-жылы жабылган.


Тектеш материалды окуу