
Жарыяланган
2026-27-03, 15:47Бүгүн, 27-мартта президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эл аралык күн тартибиндеги темаларды талкуулашты.
Мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

