Akchabarsearch
Путиндин Кыргызстанга иш сапары: Талкууланчу негизги маселелер

Жарыяланган

2025-24-11, 17:17

Путиндин Кыргызстанга иш сапары: Талкууланчу негизги маселелер

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Путиндин иш сапары 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин уланат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. 

Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат. 

Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. 

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. 


Тектеш материалды окуу