
Жарыяланган
2025-11-12, 16:55Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев Москвада эки күн болот.
Анда ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.



