Akchabarsearch
Президент Өзбекстанга иш сапары менен барат

Жарыяланган

2025-14-11, 17:39

Президент Өзбекстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр 15-16-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барат. 

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирдей,  Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.


Тектеш материалды окуу