Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-23-09, 14:40

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныктады. 

Алсак, шаардык кеңештер үчүн өнөктүк 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан башталат. Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек.

Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат. 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Добуш берүү Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле республиканын бардык аймактарында өтөт.


Тектеш материалды окуу